Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Министрлер кабинетинин 2026-жылга карата иш-аракеттер планы бекитилди. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы кабарлады. Маалымка ылайык, план төрт негизги багытты камтыйт. Тактап айтканда индустриялаштыруу, аймактык хабды өнүктүрүү, айыл чарба жана туризм, ошондой эле жашыл энергетика белгиленген. Индустриялаштыруу алкагында өнөр жай өндүрүшүн эки эсеге көбөйтүү жана аймактарда бештен кем эмес технологиялык парк түзүү максатталууда. Аймактык хаб багыты өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.Айыл чарбасында өндүрүштү 30 пайызга, кайра иштетүүнү эки эсеге көбөйтүү, ошондой эле 5 миң чакырым ирригациялык каналдарды жаңыртуу пландалууда. Жашыл энергетика да планды ишке ашыруунун негизги багыттарынын бири болуп саналат.Иш-чаралар планын өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн мамлекеттик органдарынын жетекчилерине, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жеке жоопкерчилик жүктөлдү.
ЖККУнун чек арасына жакын аймактарда абалдын чыңалып жатканы тынчсыздантат. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Таалатбек Масадыков басылмалардын бириндеги маегинде билдирген. Ал дал ушундай татаал геосаясий шартта ЖККУ негизги аскердик-саясий түзүм катары ролун чыңдоону улантып жатканын айткан. “30 жылдан ашык убакыт ичинде биз бир катар кризистерди алдын алууга же алардын кесепеттерин жумшартууга жетиштик. Албетте, мындан ары да алдын алуучу, саясий жана дипломатиялык ыкмаларга артыкчылык беребиз”, — деген ал. Масадыков уюм аймактык коопсуздукту камсыздоодо жана коркунучтарга биргелешип жооп кайтарууда маанилүү роль ойной турганын айткан.
Манас шаарында 23 жаштагы кызды ала качууга шектелип төрт адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жабырлануучу Манас ШИИБине арыз менен кайрылган. Ал 28-январь күнү саат 21:00 чамасында Пушкин көчөсүндө курбу кызы менен бара жаткан учурда белгисиз төрт киши күч колдонуп, шейшепке ороп, Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаага салып кетишкенин билдирген. Факт "Ала качуу" беренеси боюнча катталып, кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 32 (үчөө) жана 33 (бирөө) жаштагы шектүүлөр Кызыл-Сеңир айылынан кармалып, Манас ШИИБине өткөрүп берилген. Баары тең убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.