Такси лицензиясын алууда бир топ өзгөрүүлөр кирди: Кайсы маалым каттар алынып салынды?

Sputnik
Өлкөдө 1-февралдан тарта такси айдоочуларына лицензия менен иштөө талап кылынат. Бирок ушул лицензияны алууда айдоочулар бир топ кыйынчылыктарга туш болуп жатышканын айтып чыгышкан. Атай кетсек ден соолугунун чыңдыгын далилдеген 083 номурлуу маалым катын алуудагы кезек күтүүлөр айдоочулар үчүн түйшүк жаратып жатканы белгиленген.
29-январдан тарта бул маалымат катты алууда каттоодо турган жеринде гана эмес,республиканын каалаган аймагынан ала берсе болору Саламаттыкты сактоо министрлигин буйругу менен бекитилди. Мындан сырткары салыктык карызы жоктугу тууралуу маалым кат, аскердик билеттер талап кылынбай калды. Ошондой эле лицензия алууда 083 маалым катына убактылуу уруксат берип турууну өтүнүп жатышканын айткан кесиптик бирликтин өкүлдөрү бүгүнкү биздин "Ачык кеп" программасында конокто болушту.