Тышкы иштер министрлиги АКШда жүргөн кыргызстандыктарды аталган өлкөнүн бир катар шаарларында уланып жаткан нааразылык акцияларына катышпоого чакырды. Эске салсак, Миннеаполисте иммиграциялык полициянын рейди учурунда адам өмүрү кыйылган окуядан кийин нааразылык чыгып, ал башаламандыкка айланып кеткен. Шаардын көчөлөрүнө согуштук оор техника тартылып, ал эми митингге чыккандар баррикадаларды орноткон. "ТИМ жарандарга ким экендигин тастыктаган документти дайыма жанына сала жүрүүнү жана иммиграция статусунун учурдагы абалын, ошондой эле уруксат берүүчү документтердин колдонуу мөөнөтүн текшерип турууну сунуштайт", — деп айтылат кайрылууда. Эгерде зарылдык жаралса АКШдагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелерине кайрылуу керек.
Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов бүгүн парламенттин пленардык жыйынында борбор калаанын чок ортосунда ишке ашырылып жаткан Old Bishkek долбоору боюнча пикирин билдирди. Эл өкүлү Бишкекте "мындай башаламандык болуп жатканда" тиешелүү органдар кайда карап жатканын сурады. "Нариман Түлеев деген ишкер сала турган имараты эки кабат болорун долбоордо көрсөтүп туруп, үч кабат кылып салып алды. Аны Камчыбек Кыдыршаевич барып токтотту. Бизде башка киши жокпу? Сөзсүз эле президент же Ташиев барышы керекпи? Ага чейинки органдар эмне кылып жатты? Алар эмнеге айлык алып жатат? Эмне эркелеп жүрөсүңөр, кетпейсиңерби", — деди депутат. Көкүлов минкаб мүчөлөрү өз иштерин так аткарбай жатканын белгиледи. Анын айтымында, өкмөттүн айрым мүчөлөрү бийликтин ишине көлөкө түшүрүп жатат. Ал эми Жанар Акаев коомдо нааразычылык күч алып жатканын белгилеп, минкабды парламентке чакырууну суранды. ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу эл арасында нааразычылыктан улам кийинки бейшембиде парламентте өкмөт күнү болорун айтып, даярдык көрүүнү тапшырды. Кечээ дагы депутаттар минкабдын бир катар ишине сын айтып, жооп алуу зарылдыгын белгилешкен.
Бишкекте эки кичинекей бала көлмөгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, Бакай-Ата конушундагы көлмөгө 9 жаштагы кыз жана 6 жашар бала түшүп кеткен. Экөөнүн бир тууган экени айтылууда. ӨКМ куткаруучулары балдардын сөөгүн чыгарып, милицияга өткөрүп беришти.
Франциянын лидери Эммануэль Макрон Европа Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн ажырагыс бөлүгү болушу керек деген пикирин билдирди. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. "Азыр эле Владимир Зеленский менен сүйлөштүм. Өткөн жумада Абу-Дабиде башталган сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн карап, европалыктар талкуулаган маселелерди кароого өздөрү да катышканы туура деген макулдашууга келдик", — деп Макрон соцтармакка жазган. Франциянын президенти Париж "мурдагысындай эле Россияга басым-кысым көрсөтүү нетинде" турганын кошумчалаган.