Акылдуу электр эсептегичтерин орнотуу: энергетика тармагын санариптештирүүнүн жаңы баскычы

Sputnik
Өлкөдө энергетика тармагын санариптештирүү, электр энергиясын так эсепке алуу жана жоготууларды азайтуу багытында бир катар иштер аткарылууда. Алардын эң маанилүүлөрүнүн бири — акылдуу эсептегичтерди этап-этабы менен орнотуу.
Бул жаңы эсептегичтер электр энергиясын автоматтык түрдө каттап, маалыматтарды борбордук система аркылуу онлайн режиминде өткөрүүгө шарт түзөт. Мунун натыйжасында керектөөчүлөр үчүн ачык-айкын эсеп жүргүзүлүп, энергетикалык компаниялар үчүн контролдоо мүмкүнчүлүгү кеңейет.Акылдуу эсептегичтерди киргизүүнүн максаты эмнеде? Алар калкка кандай пайда алып келет? Орнотуу иштери кандай тартипте жүргүзүлүүдө жана бул система энергетика тармагына кандай өзгөрүүлөрдү алып келерин “Кыргызстандын Улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомунун башкы директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу айтып берди.