Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
2025-жылы республикада ымыркайлардын өлүмү азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында айтылганын маалымат кызматы кабарлады. Анда өлүм көрсөткүчү 1000 ымыркайга 13,5ти түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга төмөндөгөнү айтылат. Ал эми төрөттөн 2024-жылы 36 аял көз жумса, былтыр 48 эне каза болуп, өлүм көрсөткүчү 35,4 пайызга жогорулаган. Министр Каныбек Досмамбетов эне-баланын өлүмү саламаттык сактоо системасынын абалын чагылдырган маанилүү көрсөткүч экенине токтолуп, аялдар менен жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сактоо артыкчылыктуу багыт болушу керектигин белгиледи.
Кыргызстанга Индиядан мал жана андан жасалган азыктарды алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Ветеринардык кызмат мындай чечимди Нипах вирусуна байланыштуу кабыл алган. Чектөө 28-январдан баштап, күчүнө кирди. Мындан улам Ветеринардык кызмат белгисиз мал-жандын этин алуудан алыс болууну, тиешелүү документтердин бар-жогун сурап, кызыгып коюу керектигин эскертти. Россия Илимдер академиясынын мүчөсү Геннадий Онищенко Нипах өлүмгө алып келе турган вирус экенин билдирди. Айтымында, ага каршы дары азырынча жок. Илдет мээни, өпкөнү, жүрөктү, бөйрөктү, көк боорду жабыркатышы мүмкүн. Анткен менен Онищенко вирус пандемиялык потенциалга ээ эмес экенин белгиледи. Айта кетсек, январдын ортосунда Индиянын чыгышындагы Батыш Бенгалия штатынын бийлиги Нипах вирусуна медициналык кызматкерлердин экөө чалдыкканы тууралуу кабарлаган. Алар өзүнчө жаткырылып, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. 25-январда Индияда бул вирусту жуктурган биринчи бейтап каза тапканы, ноокас менен байланышта болгон медайымдардын бири комада жатканы кабарланды. Анда 100 адам үй карантинине алынган.
Кыргызстанга кирген чет элдик жарандарга жеке идентификациялык номер берүү боюнча министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Документке таянсак, номер чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатканда тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы аркылуу ыйгарылат. Жаңы тартип миграциялык каттоону жөнөкөйлөтүүгө, маалыматтардын тактыгын жогорулатууга жана чек ара кызматкерлери тарабынан адамды дароо идентификациялоого мүмкүнчүлүк берет.
Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы союздаштары АКШ президенти Дональд Трампты Иранга сокку урбоого чакырышууда. The New York Times гезити алар чабуул аймакта жаңы масштабдуу жаңжалдын тутанышына себепкер болот деп эсептешерин жазды. Белгиленгендей, Вашингтондун региондогу союздаштары бир нече жумадан бери чыңалууну басаңдатуу жана Иранга сокку урууну алдын алуу иштерин жасап келишет. Ал арада Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи өлкөнүн куралдуу күчтөрү бардык агрессияга жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Ошол эле учурда ал Иран өзөктүк программа боюнча АКШ менен калыс келишим түзүүгө кызыкдар экенин белгилеген. Ошондой эле Ирандын жогорку лидеринин кеңешчиси Али Шамханинин айтымында, Тегеран АКШ тарабынан жасалган ар кандай агрессивдүү аракетти толук масштабдуу согуштун башталышы катары кабыл алат.