Өлкөдө эки жыл мурун Президенттин ши башкармалыгына караштуу атайын дирекция ачылып ага курорт, санаторийлер кирген. Мамлекеттин карамагында болгону менен ар кайсы мекемелердин балансында болуп, чама-чаркы жетпеген ишканалардыкы жеткиликтүү каралбай, көңүл бурулбай эс алуучулардын купулуна толбой келген санаторий, курорттор алды эми минтип оңдоп-түзөөдөн өтүп элди кабыл ала баштады.
Муну менен катар аталган ден соолукту чыңдоочу жайлардын иш тартиби өзгөрдүбү? Эми кимдер барып эс ала алат? Эмгекчилер кандай тартипте кабыл алынат? Аталган мекемелер модернизациядан соң кирешеге чыктыбы? Алдыда кандай иштер жүргүзүлөт? Калктын саламаттыгына кам көрүп профилактикалык иштерди жасоону максат кылган курорт, санаторийлерде медициналык тейлөө кандай жүрүүдө? Бүгүнкү “Күн башат” уктуруусунда аталган дирекциянын көзөмөлдөө жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы Лира Батырбекова айтып берди.