БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига президент Владимир Зеленский Россиянын лидери Владимир Путин менен аймактар жана Запорожье атомдук электр станциясы (ЗАЭС) боюнча маселесин талкуулоо үчүн жеке жолугушууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал украиналык "Европейская правда" басылмасына маек курган.
"Талуу маселелер болуп саналган аймактар жана ЗАЭС боюнча суроолор али макулдашыла элек. Дал ушул нерселерди чечүү үчүн президентибиз РФ башчысы Путин менен жолугушуп, талкуу жүргүзүүгө даяр", — деди Сибига.
Запорожье АЭСи Днепр дарыясынын сол жээгинде, Энергодар шаарынын жанында жайгашкан. Бул — энергоблокторунун саны жана жалпы кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станция. Анда ар бири бир гигаватт кубаттуулуктагы алты энергоблок бар. 2022-жылдын октябрында атомдук станция РФтин менчигине өткөн. Энергоблоктордо электр энергиясын өндүрүү 2022-жылдын сентябрында токтотулган. 2024-жылдын апрелинен тартып станциянын бардык блоктору иштетилбей, күйүүчү май муздатылып, коопсуз режимде турат.
АКШнын администрациясы буга чейин Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча план иштелип жатканын билдирип, анын чоо-жайын азырынча ачыктабай турганын айткан. Кремль Россия сүйлөшүүлөргө ачык экенин жана Анкориждеги талкуу платформасында каларын билдирген.
Ишемби күнү, 25-январда, Бириккен Араб Эмирликтеринин борбору Абу-Дабиде коопсуздук маселелери боюнча Россия, АКШ жана Украинанын өкүлдөрү катышкан үч тараптуу жумушчу топтун сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы аяктады. БАЭ өкмөтү жолугушууну позитивдүү жана конструктивдүү деп баалап, РФ менен Украинанын делегациялары ортомчусуз түз сүйлөшкөнүн белгиледи.