БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстанда таксисттерге лицензия берүү мөөнөтү узартылбайт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Sputnik агенттигине билдирди.
Ведомство 2-февралдан тарта өлкө боюнча рейддер башталарын эскертти. Бүгүнкү күнгө карата лицензияны 7 миңден ашуун жеке айдоочу жана 300дөн ашык таксопарк алган.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев лицензия ала элек айдоочулар көп болгондуктан таксинин баасы 200-300 сомдон 800 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин билдирген.