БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Майыптуулугу бар адамдардын санариптик көндүмдөрүн, медиасабаттуулугун өнүктүрүүгө багытталган долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоордун катышуучулары учурда Реабилитациялык борбордо дарыланып жаткан, протездик-ортопедиялык буюмдарды алып жаткан, дарылоодон жана социалдык адаптациядан өтүп жаткан майыптуулугу бар адамдар болуп саналат.
"Окутуунун алкагында катышуучулар контент түзүү, видеого тартуу жана монтаждоо, каналдарды тариздөө жана социалдык тармактарды колдонууну үйрөнүшөт. Ошондой эле YouTube платформасы менен иштөөнүн негиздерин өздөштүрүшөт", — деп айтылат маалыматта.
Биринчи баскычта 16 адам окуудан өтүүдө. Жыйынтыгында катышуучуларга курстан өткөндүгү тууралуу күбөлүк тапшырылат. Долбоордун аягына чейин 80 кишини окутуу пландалууда.