БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Мамлекеттик автомектептерде окутуунун баасы 19 миң сом болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактан билдирди.
Ал окуунун баасы 100-200 миң сом болот деген кептерди жокко чыгарган.
"Окугандар практика учурундагы күйүүчү май сыяктуу чыгымдарды өздөрү көтөрөт. Бул мурдагы жеке автомектептердеги бааларга салыштырмалуу бир топ арзан. Жеке автомектептерде окуу менен практиканын баасы биригип 35-36 миң сомдун тегереги болчу", — деди Орунбеков.