БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин сотуна кайрылуусу интеграциялык уюмдун алкагындагы диалогдун бир бөлүгү болуп саналат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) билдирди.
Кечээ ММКФнын төрагасы Азамат Муканов Жогорку Кеңештин эмгек маселелери боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстан ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 98-беренесине кеңири түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен сотко кайрылганын айткан. Анда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрү социалдык колдоого, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандырууга кандай тартипте жетери боюнча суроо коюлган.
Сотто бул мамлекеттер ортосундагы талаш эмес, келишимдеги норманы тактап берүү тууралуу кайрылуу экендиги белгиленген.