Клайпеданы немецтердин чеңгелинин советтик жоокерлер бошоткон. Видео

1945-жылдын 28-январында советтик жоокерлер Литванын Клайпеда порттук шаарын фашисттерден тазалап, аларды кайткыс кылган.
Sputnik
Клайпеданы басып алган жылдары фашисттер коргонуу курулуштарын кеңири кылып, тармакташтырып салган. Мындан улам советтик аскерлер менен баскынчылардын кармашы бир нече күнгө созулат. Немецтер калаадан чыгып бара жатып имараттарга мина коюп, жардырып кетишкен. Шаар жалынга чулганган.
Курш кумдуу тилкесине чегинген фашисттер дагы бир нече күн бою шаарды артиллерия менен аткылап турушкан. 30-январда Советтик армия аларды аталган жерден да толук сүрүп чыгарган.
"1-Прибалтика фронтунун аскерлери чабуулга өтүп, ушул күнү, 28-январда, Балтика боюнда немецтерден коргонуудагы маанилүү порт жана күчтүү таяныч болгон Литванын Клайпеда шаарын ээледи. Муну менен советтик Литваны немец баскынчыларынан толук тазалоо аяктаганын билдиришти", — деген жарыяны радиодон Левитан окуган.
Потсдам конференциясынын чечими менен Улуу Ата Мекендик согуш бүткөн соң Клайпеда Литва ССРинин курамына кирген. Бүгүнкү литва бийлиги Кызыл армиянын ошол кездеги эрдигин эсинен чыгарды. Фашисттерден бошоткон жоокерлерге коюлган эстеликтерди алып, жок кылышууда. Ал эми Жеңиш күнүн белгилөөгө тыюу салып койгон.