БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун жыл аягына чейин ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү боюнча долбоору коомдук талкууга коюлду.
Мындай чара ишкердик субъектилердин экономикалык ишин турукташтырууга, бизнести өнүктүрүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга жана мамлекеттик органдардын негизсиз кийлигишүүсүн жоюуга багытталган.
Бирок кылмыш жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында, жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча, ошондой эле мыйзам бузуу жөнүндө конкреттүү фактылар болгондо текшерүүгө уруксат берилет. Ошондой эле салык жана бажы органдары да бул мораторийге баш ийбейт.
Буга чейин Салык кызматы чакан жана орто ишкердик субъектилерге карата рейддик салыктык көзөмөлдү жана контролдук сатып алууну 2026-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу токтоткон.