БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттеринин саламаттык сактоо тармагында кадр маселеси боюнча абал тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын мүчөсү Геннадий Онищенко маалымат берди.
Ал Sputnik борборунда өткөн видеокөпүрөгө катышкан.
Онищенко биримдик алкагында медицина адистеринин ары-бери эркин жүрүүсүнө шарт түзүлгөнүн, кадр жетишсиздигине тушуккан өлкөлөр уюмдун башка мамлекеттеринен медиктерди тартып жатышканын белгиледи. Мындай тажрыйба жалпысынан саламаттык сактоо тутумуна оң таасирин тийгизүүдө.
Академиктин айтымында, азыркы тапта Россияда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу 49 медициналык жогорку окуу жайы бар. Бирок акыркы убакта классикалык үлгүдөгү университеттердин алдында да медицина факультеттери ачылып, бул келечектеги дарыгердерди даярдоонун сапатынан күмөн жаратары белгиленди.
Онищенко Россиядагы мамлекеттин эсебинен окуган бүтүрүүчүлөрдүн милдеттүү түрдө өлкөгө иштеп берүүсүнө токтолду. Жаш адистерди бөлүштүрүү студент, окуу жай жана иш берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде жүрүп, документте эмгек шарты, айлык акысы жана кызматы алдын ала жазылат. Академик ушуга окшош тажрыйбалар ЕАЭБдин башка мамлекеттеринде да колдонуларын белгиледи.