БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Азырынча Нипах вирусу кеңири тараганын тастыктаган далилдер жок. Бул тууралуу РИА Новостиге Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Россиядагы кеңсеси билдирген.
Январдын ортосунда Индиянын чыгышындагы Батыш Бенгалия штатынын бийлиги Нипах вирусуна медициналык кызматкерлердин экөө чалдыкканы тууралуу кабарлаган (буга чейин ЖМКлар беш киши экенин жазышкан). Алар өзүнчө жаткырылып, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Батыш маалымат каражаттары ооругандардын саны өсүп жатканын кабарлоодо, бирок Индия бийлиги вирустун жаңы учурлары тууралуу маалымат бере элек. 25-январда Россиянын Роспотребнадзор мекемеси кырдаалды көзөмөлдөп жатканын жана вирус Россияга кирбегенин кабарлады.
"Инфекциянын кеңири жайылып жатканына далилдер жок, Индия мындай очокторду аныктоо жана токтотуу боюнча жогорку жөндөмдүүлүгүн көрсөттү", — деген Роспотребнадзор.
ДССУ саякатка чыккан учурда алдын алуу чараларын сактоону сунуштайт. Ооругандар менен тыгыз байланышта болбой, илдеттин белгилери пайда болсо дароо медициналык жайга кайрылуу керек.
Нипах — өлүмгө алып келе турган вирус. Ага каршы дары-дармек азырынча жок. Ал мээни, өпкөнү, жүрөктү, бөйрөктү жана көк боорду жабыркатышы мүмкүн.
Алгачкы белгилери: эт ысыйт, баш, булчуң эт, тамак ооруйт, кустурат. Кийинки этапта баш айлануу, уйкусуроо жана курч энцефалиттин неврологиялык белгилери пайда болот. Айрым учурларда өпкө башкача кагынып, дем алуу кыйындайт.