Космоско багыт алган Челленжердин трагедиялуу тарыхы. Видео

Мындан 40 жыл мурда 28-январда Челленжер шаттлы учуп чыккандан 73 секунда өтүп-өтпөй жарылып кеткен. Бул тарыхый окуяны түз эфирден көрсөтүү пландалгандыктан, кырсык миллиондордун көз алдында болду.
Sputnik
Сөз башынан болсун. ...Бул Канаверал тумшугундагы космодромдон учурулган космостук челноктун онунчу сапары эле. Челленжер кемесинин экипажы жети адамдан туруп, Фрэнсис Скоби командир болгон. Майкл Смит, илимий адистер Эллисон Онидзука, Жудит Резник жана Роналд Макнейр пилоттук кылышкан.
Экипаждын курамында шаттлдагы негизги жүк боюнча Грегори Жарвис жана мугалим Криста Маколифф иштеген. Маколифф эжей космоско учкан алгачкы жай жаран эле.
Ал NASAнын "Мугалим космосто" долбоорунун сынагынан жеңип чыккан. Андыктан Жер орбитасынан жүздөгөн чакырым бийиктикте туруп, окуучуларга ошол жактан сабак өтүүнү көздөгөн.
Челленжер 73-секундада жарылып, экипаждын жети мүчөсү бири калбай каза тапкан. Кырсыкты миллиондогон киши көрүп турган. Алардын арасында астронавттардын туугандары жана космодромдогулар да бар эле.
Маалыматтарга таянсак, трагедияга май куюлган бактын жарылышы себеп болгон. NASA бул тобокелдикти билгени менен учууну токтотуп койгон эмес.