Кечээ режиссер Руслан Акундун "Бейиш 2: Апама кат" фильми тар чөйрөгө көрсөтүлдү. Тасма балдар үйүнөн качып чыгып, мигрант энесин табуу үчүн Россияга сапар алган Адил — Самирдин окуясынын уландысы.
Картина эненин сүйүүсү, руханий баалуулуктар тууралуу баяндайт.
Тасманын биринчи бөлүгүн эл абдан жакшы кабыл алып, Борбор Азия мамлекеттеринде эле эмес, алыскы чет өлкөлөрдө да бир топ жылуу сөзгө татыган.
Экинчи бөлүктө россиялык актерлор Станислав Бондаренко, Павел Майков жана Омар Алибутаев тартылып, комик Алексей Щербаков үчүн дебют болду.
Тасманын сценаристи жана актер Эмил Эсеналиевдин айтымында, тартуу иштери Кыргызстандан тышкары Казакстанда, Беларуста жана Россияда жүргөн. Ал россиялык жылдыздар чыгармачыл топтун кесипкөйлүгүн жогору баалаганын, тасманын "Бейиш эненин таманынын алдында" деген биринчи бөлүгү онлайн-платформаларда россиялык көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынганын белгиледи.
Аталган бөлүк Москванын "Будем жить" кинофестивалынын баш байгесине татыган.
"Бейиш 2: Апама кат" фильминин премьерасы 29-январга белгиленген. Кийинчерээк Казакстан, Өзбекстан жана Россияда прокатка чыгат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — фильмдин медиаөнөктөшү.