Ар бир үчүнчү кыргызстандык спорт менен алектениши керек. Бийликтин планы

Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги 2030-жылга чейинки Дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү программасын иштеп чыгып, коомдук талкууга илди.
Анда калктын 15 пайызы спорт менен алектенери белгиленип, бул көрсөткүчтү эки эсеге жогорулатуу максаты коюлган. Демек, алдыдагы беш жылда ар бир үчүнчү кыргызстандык спорт ышкыбозуна айланат.
Бул үчүн төмөнкү чаралар көрүлөт:
жыл сайын 3 миңден ашык спорттук-массалык иш-чара уюштурулат;
ар бир мектепте кеминде 3–6 туруктуу спорт клубу иштеп, "Мектеп лигасы" жана студенттик лигалар аркылуу райондук, облустук жана республикалык мелдештер өткөрүлөт;
36-65 жаштагылар үчүн ишканаларда өндүрүштүк гимнастика жана спорттук программалар киргизилет;
65 жаштан жогоркулар үчүн "Атлет 40+" долбоору өлкө боюнча кеңейтилет (скандинавиялык басуу, йога жана башкалар);
3 500гө жакын спорт объекти курулат, оңдолот. Айылдарда модулдук спорт комплекстери салынат, шаарларда велосипед жолдору жана спорт зоналары пайда болот.
Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн спорттук реалити-шоу уюштурулат