29-январга карата аба ырайы

29-январда өлкө аймактарында кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бейшембиде республиканын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу ыктымал. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй облусунда 0…5, Таласта -3…+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл аймактарында -1…+4, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте 2…4, Ош шаарында 0…2 градуска жетет.
Салыштырмалуу жылуу болуп, кар аз түшөт. Февралга карата аба ырайынын божомолу