Улуу Ата Мекендик согуштун дагы бир жан чыдагыс оор күндөрүнүн бири бул Ленинград блокадасы. 900 күнгө чукул шаар тургундары блокадада калып азуусу ачуу душман менен эле эмес, өзөктү үзгөн ачарчылык, оору-сыркоо менен күрөшкөн. Совет элинин ынтымагы, биримдиги. чыдамкайлыгы бул эбегейсиз баскынчылыкты жеңип чыккан. Азыркы учурда тарых болуп калган күндөрдү башынан өткөргөн же жакындары жашап өткөн Кыргызстанда 11 гана киши өмүр кечирип келет. Алар арабыздан суюлган сайын бул оор күндөрдү кийинки муунга туура жеткирүү, андан сабак алуу милдети күчөйт.
80 жылдык тарыхы бар Улуу Жеңиштин жылдарында Ленинград блокадасы боюнча кандай иштер жасалды, кыргыз тарыхчылары эмне эмгектери менен тарых жазууда, келечек муун аталган күндөр тууралуу кандай маалыматтарга ээ болот, бүгүнкү "Кеменгер" уктуруусунда тарых илимдеринин кандидаты, Улуу Ата Мекендик согушту изилдеген тарыхчы Саламат Малабаев менн кеп кылдык.