Коргоо ордери: балага кандай учурда берилет жана ким кайрылат?

Sputnik
Коргоо ордери — зомбулукка кабылган адамды убактылуу коргоо үчүн мыйзамда каралган укуктук чара. Ал үй-бүлөлүк же жакын мамиледеги коркутуу, психологиялык, физикалык же экономикалык зомбулук учурунда берилет. Анда зомбулук көрсөткөн адам жабырлануучуга жакындабоо, байланышпоо жана басым көрсөтпөөгө милдеттендирилет. Бул ордер аялдарга, эркектерге жана балдарга даберилет. Балага коргоо ордери анын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда, ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү аркылуу алынат. 2025-жылы 17 миң 602 жаранга берилип, анын 94 пайызы аялдар, 6 пайызын эркектер түзөт. Ал эми жашы жете элек балдарга 453 убактылуу коргоо ордери берилген. Бүгүнкү күндө коргоо ордери 1 айга берилерин ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларын координациялоо бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев маалымдады.