Ботаникалык бак: илимий өнүгүү, реконструкция жана коомдук талкуулар

Sputnik
Бишкектеги Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын илим-изилдөө институту бүгүнкү күндө шаар үчүн маанилүү илимий жана экологиялык борбор болуп саналат. Учурда институттун аймагында реконструкция иштери жүрүп, инфраструктураны жаңылоо, илимий базаны чыңдоо жана ишмердүүлүктү заманбап талаптарга ылайыкташтыруу маселелери каралууда.
Мындан тышкары, кадрдык потенциалды күчөтүү, жаш адистерди тартуу жана илимий кызматкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу багытында да иштер пландалууда. Ошондой эле ботаникалык бактын жогорку зонасында жаңы лабораторияларды куруу, эксперименталдык жана изилдөө участкаларын кеңейтүү маселеси күн тартибинде турат.
Бактын учурдагы абалы, илимий иштердин жүрүшү, лабораториялардын келечеги жана коомчулукта талкуу жараткан футболдук аянтчанын курулушу боюнча маселелер тууралуу институттун директорунун орун басары Нурлан Албанов менен баарлаштык.