Өткөн жылы министрлик авторлорго 29 миллион сомдон ашуун гонорар төлөдү

Sputnik
2025-жылы Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги патенттерди жана автордук укуктарды каттоо боюнча активдүү иштерди жүргүздү. 2024-жылга салыштырмалуу патентке кайрылгандардын саны 2000ге өскөн жана көпчүлүгү кыргызстандыктар болду. Буга чейин өтүнмөлөрдүн көпчүлүгү чет өлкөлүктөрдөн келчү. Азыр жасалма интеллект менен жаралган эмгектер боюнча суроолор көп болуп, бул маселе мыйзамдык жактан каралууда. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын начальниги Гульбара Кудайбердиева маалымдады. Айтымында, автордук укуктар күбөлөндүрүлгөндөн кийин гонорар төлөнөт. 2025-жылы музыкага жалпы 29миллион сомдон ашык гонорар чогулуп, бардык каражат төлөнүп берилди.