Казакстан Кыргызстан менен чектешкен өткөрүү пункттарында электрондук кезек системасын киргизүүдө. Бул тууралуу Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети билдиргенин Казинформ жазды. Маалыматка ылайык, тутум 30-январдан тарта Алматы облусундагы "Кеген" өткөрүү пунктунда, ал эми 16-февралдан тарта Жамбыл облусундагы "Кордай" өткөрүү пунктунда ишке киргизилет. Алдын ала кезекке туруу CarGoRuqsat мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашырылат. Азыркы учурда бул тутум аркылуу Кытай, Россия, Өзбекстан, Түркмөнстан менен чектешкен негизги багыттарда иштеп жатат. "Бул жүк ташуучуларга чек арадан өтүү убактысын алдын ала ээлеп, кезектерди кыскартууга жана документтерди тариздөөнү жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда зомбулуктан жабыркагандар жана адам сатуунун курмандыктары үчүн "5200" ыкчам линиясы ишке кирди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, аталган социалдык долбоор үй-бүлөлүк зомбулукка жана адам сатуунун курмандыктарына кабылган аялдарга жана кыз-келиндерге жардам көрсөтүүгө багытталган. Линияда зомбулукка байланышкан маселелер, кризистик кырдаалдар жана психологиялык колдоо боюнча атайын даярдыктан өткөн кесипкөй психологдор жана консультанттар иштешет. Ыкчам линия суткасына 24 саат, жуманын 7 күнү, өлкө аймагында бардык мобилдик операторлор аркылуу жеткиликтүү.
Беловодск айылындагы майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемеге жана Сокулуктагы реабилитациялык борборго атайын медициналык жабдуулар тапшырылды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жабдуулар Good Neighbors International эл аралык уюмунун Кыргызстандагы филиалынын ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында берилди. Эмгек министринин орун басары Айнура Орозбаеванын айтымында, бул майыптыгы балдардын жашоо сапатына, алардын ден соолугуна, өнүгүүсүнө жана келечегине багытталган чыныгы инвестиция. "Бүгүн тапшырылып жаткан жабдуулар адистердин мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтип, реабилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатат, эң негизгиси — балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө реалдуу пайда алып келет", – деди ал.
Азербайжандын Баку шаарында кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарлары сунуштала турган Соода үйү иштей баштады. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Долбоор азербайжандык ишкер тарабынан Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин, ошондой эле эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын колдоосу менен ишке ашырылды. Бүгүн ачылыштын алкагында "Nomads Tradition" жана "OKUKLU HOLDING" ЖЧКларынын ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Кол коюу аземине Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов катышты.
НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Украинанын аталган альянска кириши боюнча маселе алар түзгөн учурдагы күн тартибине кирбегендигин айтты. НАТО жетекчилиги Европарламенттин чет элдик иштер боюнча комитетинин депутаттары менен талкуу өткөргөн. "Албетте, Украина жетекчиси өлкөнүн НАТОго киришин каалап турат, бирок биримдиктеги ар кыл мамлекеттер каршы болууда. Киев альянска кошулушу керек, бирок жакын арада кабыл алынбайт. Демек, Россиянын кайрадан чабуул жасашына жол бербөө үчүн коопсуздук кепилдиктери мурдагыдан да өтө маанилүү", — деген башкы катчы.