Бул темага байланыштуу бир нече учурду эске салабыз:
Алты жыл мурда Der Spiegel 1945-жылы Освенцимди (Аушвиц) америкалыктар бошотту деген маалыматы үчүн коомчулуктун көзүнчө кечирим сураган;
2022-жылы январда россиялык дипломаттарга сүйлөгөнгө биринчи ирет мүмкүнчүлүк бербей коюшту;
Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейинин №14 блоктогу туруктуу иштеген экспозициясын эч кимге айтпай туруп жаап коюшту;
2026-жылы мурдагы жылдар сымал Россиянын элчилигин бул сапар да чакырышкан жок.
Ал эми төмөнкү жүрөк үшүткөн факт туурасында эми такыр унчугушпайт. Ошол мезгилдерде туткундарды гитлерчилер менен биргеликте бандиттерден жана каракчылардан турган польшалыктар кошо өлтүрүшкөн. Бул маалыматтар камтылган документти ФСБ таап чыкканын Sputnik Ближнее зарубежье жазды.