Зеленский Украинада аскердик абал менен мобилизациянын мөөнөтүн узартты

Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинада аскердик абал менен жалпы мобилизациянын мөөнөтүн дагы 90 күнгө узартуу тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Украина парламентинин сайтына таянып РИА Новости жазды.
Жогорку Раданын депутаты Ярослав Железняк 14-январда украин парламенти өлкөдө аскердик абалды жана мобилизацияны дагы 90 күнгө, тагыраагы, 4-мартка чейин узартууну колдогонун билдирген.
Раданын сайтында жарыяланган мыйзам долбоорлорунун картасында бул документтер Зеленскийдин кол тамгасы менен кайра кайтарылганы көрсөтүлгөн.
Украинада 2022-жылдын 24-февралынан тартып аскердик абал режими киргизилген, ал эми кийинки күнү Владимир Зеленский жалпы мобилизация тууралуу жарлыкка кол койгон.
Ажырым менен тирешүү күчөйт. Вучич Украина боюнча божомол жасады