БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. АКШнын Иранга жакын жайгашкан армиясы Венесуэланын жээгинде америкалык аскердик күчтөрдөн кубаттуураак. Бул туурасында Кошмо Штаттардын лидери Дональд Трамп Axios порталына берген интервьюсунда айткан.
"Ирандын жанындагы армиябыз Венесуэланын жанындагыдан да чоң", — деген Трамп.
Ал Ирандагы кырдаал өзгөрүп турганын белгилеп, бирок аталган өлкө боюнча планын так айткан эмес.
Порталга маалымат берген Ак үйдөгү кишилер республикадагы митингдер басаңдап калса деле Америка лидери Иранга чабуул коюу туурасындагы ниетинен кайта электигин айтышкан.
Өткөн жуманын бейшембисинде АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачылыгы алардын Abraham Lincoln деп аталган учак ташуучу согуштук кемеси Инд океанындагы өздөрүнүн көзөмөлүндөгү аймакка келгенин билдирди. New York Times басылмасынын маалыматына ылайык, ал эң көп дегенде эки күндүн ичинде Иранга сокку урууга даяр болушу мүмкүн.