Ысык-Көлдө милициянын майору абактагыларды кыйнаган деп шектелүүдө. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Ысык-Көл райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын башчысы абактагылардан акча талап кылган жана кыйнаган деген шек менен кармалганын УКМКдан билдиришти.
УКМКнын маалыматына ылайык, милициянын мурдагы майору Т.К. камактагылардын бирине изолятордо ыңгайлуу шарт түзүп берүүнү убадалап, акысына акча талап кылган. Бирок берки киши баш тартканы үчүн орган кызматкерлери аны токмоктогон дешти.
Ал кармалгандан кийин өз каалоосу менен ишин тапшырган.
УКМК кыйноо жана опузалоо иштерине укук коргоо органдарынын башка кызматкерлеринин тиешеси бар-жогун текшерип жатат.
Ошто пара талап кылган деп милициянын эки капитаны кармалды