Ленинграддын курчоосу үзүлгөн күн. Тарыхый видео

Улуу Ата Мекендик согушта Ленинград калаасынын тургундары блокадада 872 күн калып, көбү көз жумган. Ачарчылык каптап, суук ага кошумча болгон.
Sputnik
Ленинград шаарын фашисттер эки жыл төрт ай 19 күн курчап, бул кыйын жашоону ачарчылык каптап, суук ага кошумча болгон. Блокада 1944-жылы 27-январда үзүлгөн.
Бул абдан азаптуу учурлар болуп, бир миллиондон ашуун адам көз жумган.
... Жылдар өтүп, аталган блокада Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында унутулгус болуп калды. 2022-жылы октябрда Санкт-Петербург соту блокаданы аскердик кылмыш жана совет элине каршы геноцид деп тааныган.
Сот блокаданы Германиянын оккупациялык аскер бөлүктөрү ишке ашырып, аларга Бельгия, Италия, Испания, Нидерланддар, Норвегия, Финляндиянын аскер күчтөрү, ошондой эле австриялык, латвиялык, польшалык, франциялык жана чехиялык ыктыярчылар жардам берген деген чечимге келди.