"Элит Строй Сити" компаниясынын жетекчилигине өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. "Элит Строй Сити" компаниясынын жетекчилерине үлүшчүлөргө батирлерди тапшырганга чейин Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Буга чейин үлүшчүлөр президентке жана УКМК башчысына видеокайрылуу жөнөтүшкөн. Алардын айтымында, компания батирлерди тапшыруу мөөнөтүн кечеңдетүүдө.
"Кечээ Ошто курулуш фирмасынын жетекчилиги менен жолугушуу болуп, үлүшчүлөр алдындагы милдеттерди аткаруу зарылдыгы эскертилди", — деди атайын кызмат.
Компаниянын өкүлү инфляция көйгөйдүн бири экенин айткан. Ал "Манас" турак жай комплексинде 700 батир курулганын, анын 340ы үлүшчүлөргө өткөрүп берилсе, калганы сентябрь айында тапшырыларын убадалаган.
Бишкекте батирлердин баасы төмөндөшү мүмкүн