БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Украина аймактар маселесинде мунасага келиши зарылдыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Владимир Зеленский былтыр жыл аяктап бара жатканда АКШнын лидери Дональд Трамп менен жолуккандан кийин Украинанын Куралдуу күчтөрүн Донбасстан чыгарып кетүүдөн баш тарткан.
"Үчүнчү суроо — аймактар боюнча өтө маанилүү маселе. Жыйынтыгында жер боюнча украин өкмөтү гана чече алат. Бирок аймак боюнча кайсы деңгээлде компромисске бара аларын аныкташ үчүн аларга, эң башкысы, Россиянын мындан ары Украинаны кайрадан басып кирүүгө аракет кылбай турганына кепилдик болушу керек", — деген Рютте.
НАТО жетекчиси, мындан сырткары, Европа Украинаны зарыл болгон көлөмдө курал менен жабдууга жөндөмдүү эместигин, ал эми Киев АКШнын бул жааттагы жардамысыз кармаша албастыгын кошумчалаган.
Ал ЕБ 90 миллиард евролук жардам бергени жатканын жана бул коопсуздук жана экономика жагынан алганда өтө маанилүү иш экенин айткан. Бирок акчаны кайдан алып, кантип жумшоого эркиндик бериши керектигин белгилеген. Азыр Украинага эң тез жана көп жардамды АКШ бере аларын, Европа жалгыз өзү жетишпей жатканын дагы бир ирет баса белгилеген.
Эске салсак, РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков 23-январда украин аскерлери Донбассты таштап чыгып кетиши керектигин, бул орус тараптын негизги шарты экенин белгилеген.
РФ лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков украин армиясынын Донбасстан чыгып кетиши тынчтыкка жетүү планынын маанилүү бөлүгү деп баса белгилеген.