БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан чек арасындагы эки өткөрмө бекетте электрондук кезек ишке кирет. Бул туурасында Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети кабарлаган.
Заманбап бул система үч күндөн кийин, тагыраагы, 30-январдан тартып "Кеген" (Кыргызстан тараптан "Каркыра" пункту — ред.), 16-февралдан тартып "Кордай" ("Ак-Жол" пункту — ред.) көзөмөл-өткөрмө жайларында иштей баштаарын айтышты.
Жүк ташуучулар кезекти CarGoRuqsat мобилдик тиркемеси аркылуу брондоого тийиш. Ал үчүн өткөрмө пункту, келе турган күнү жана убакыты, айдоочу, транспорт каражаты тууралуу маалымат көрсөтүлүшү зарыл.
Учурда Казакстандын бул системасы Кытай, Өзбекстан, Түркмөнстан, Россия жана Кыргызстан менен чектешкен жайларында иштеп жатат.
Аталган кызмат ишке киргизилгенден бери ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн 34 өткөрмө пунктунда электрондук кезек менен 840 миңден ашуун жүк ташуучу автоунаа өткөн.