БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кара-Суу районунда (Ош облусу) 28 жаштагы жигит машинасын катуу айдап баратып, жол четинде турган мектеп жашындагы үч баланы койдуруп кетти.
Автокырсык кечээ Фуркат айылында болгон. Honda Stepwgn автоунаасынын айдоочусу жөө кишилер өтө турган жерде, жолдун четинде турган 7, 8 жана 10 жаштагы окуучуларды сүзгөн. Андан ары Daewoo Tico унаасына урулуп, Mercedes-Benz Atego автокөлүгүн кысып барып токтогон.
Мунун кесепетинен Daewoo Tico автоунаасын айдап бараткан киши 5 жана 11 жаштагы уулдары менен жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Жөө адамдардын ичинен бир окуучу ооруканада калтырылып, калган экөө медициналык кароодон кийин үйүнө чыгарылган.
Кырсыктан кийин автоунаалар айып короого киргизилип, айдоочу тергөө органдарына өткөрүп берилди.