Ак-Суудагы кичи ГЭСтин куруучуларына эмгек акы төлөнгөн эмес. Шектүү кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Чүй облусунда кичи ГЭСти курууда кызматкерлерине маяна төлөбөгөн жетекчи кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургун милицияга жамааттык арыз менен кайрылып, анда 2024-жылдын октябрь айынан тартып Г.А. аттуу жаран Ак-Суу капчыгайындагы кичи ГЭСтин курулушунда бетон иштерине 25–30 кишини тартканы айтылган. Эмгек акы 50–60 миң сомду түзгөн, бирок ал 2025-жылдын декабрь айында жумушчуларга акча төлөбөй койгон.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголгон.
“Тергөөдө аныкталгандай, Г.А. оозеки келишим менен "А.Г.Э." компаниясынын ГЭС–1 жана ГЭС–2 объектилеринде субподрядчы катары бетон иштерин баштаган. Бетондун чарчы метринин баасы 5 500 сомду түзгөн, ишке болжол менен 100 жергиликтүү тургун тартылып, саатына 200 сомдон төлөнмөй болгон. Бирок 2025-жылдын ноябрынан 8-декабрга чейин маяна берилген эмес”, — деп билдиришти милициядан.
Белгиленген мезгилде жасалган бетон ишинин көлөмү 7 200 чарчы метрди түзгөн, ошондой эле башка иштер да аткарылган. Белгилүү болгондой, Г.А. субподрядчы компаниядан 43,4 миллион сом алган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылууда.
Ошто пара талап кылган деп милициянын эки капитаны кармалды