"БлокАда 872" эл аралык патриоттук акциясы курчоодо калган шаарда аман калуунун баасы канчалык оор болгонун эске салган иш-чара болду. Ага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, Жогорку Кеңештин депутаттары, КР коргоо министринин орун басары Алмазбек Калмурзаев, "Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому" бирикмесинин төрагасы Марат Кутанов, Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев, ардагерлер, окуучулар жана башка меймандар катышты. Алар курман болгондорду эскерип, эстеликке гүл коюшту.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Ленинградга жардам көрсөтүүгө Советтер Союзунун бардык элдери менен катар Кыргызстан эли да чоң салым кошконун эске салды.
"Ленинград үчүн болгон салгылаштарда 4,5 миңден ашуун кыргызстандык өз өмүрүн курмандыкка чалган. Дагы 16 миңден ашуун адам (3 500ү балдар) Кыргызстанга эвакуацияланып, бул жерди экинчи мекен кылып, нан таап, өз туугандарындай кабыл алынган. Биз бүгүн Ленинграддын коргоочулары менен тургундарынын кайраттуулугуна жана эрдигине биргеликте таазим кылып жатабыз. Фашисттик баскынчыларга каршы күрөштө советтик жоокерлердин жана тургундардын эрдиги кыргыз жеринде эскерилиши үчүн бүгүнкү митингдин бардык катышуучуларына өзгөчө ыраазычылык билдирем", — деди Вакунов.
"Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому" бирикмесинин жетекчиси Марат Кутанов Ленинград кайраттуулуктун, чыдамкайлыктын символу экенин белгиледи.
"Урматтуу блокадачылар, силердин өмүрүңөр — биз үчүн эң башкы сабак. Бул — жашоону сүйүүнүн, мекенге болгон сүйүүнүн жана адамдык ар-намыстын сабагы", — деди Кутанов.
Иш-чараны "Евразия" уюму тарабынан түзүлгөн эл аралык патриоттук "Победа 9/45" кыймылы жана "Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому" бирикмеси уюштурду. Акциянын максаты — тарыхты кийинки муундарга жеткирүү, Улуу Жеңиштин баасын эске салуу, муундардын ортосундагы байланышты бекемдөө жана тарыхка жеке катышкандык сезимин ойготуу.
Ленинград блокадасы — Улуу Ата Мекендик согуштун эң трагедиялуу учурларынын бири. Тарыхта азыркыга чейин теңдеши жок 900 күнгө созулган курчоо жүз миңдеген жай тургундардын өмүрүн алган. Ленинграддыктардын эрдиги — согуштан кийинки тагдыры постсоветтик мейкиндиктеги ар кыл өлкөлөр менен байланышкан Евразия элдери үчүн жалпы тарыхый эскерүү.