БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Агартуу министрлиги региондорго барып мугалим болууну каалагандарды атайын программага катышууга чакырат.
"Teach for Kyrgyzstan – заманбап мугалим" программасына педагогикалык тажрыйбасы жок, бирок билим берүү тармагында иштөөгө кызыккан ар кандай кесиптин өкүлдөрү катыша алат.
"Алар эки жыл бою айыл жана чакан шаарлардагы мектептерде иштешет. Ошондой эле акысыз магистрдик программада билим алышат. Ийгиликтүү аяктагандар мамлекеттик үлгүдөгү диплом жана эл аралык магистр дипломун алышат" – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле катышуучуларга расмий жумушка орношуу, стипендия, тажрыйбалуу педагогдордон насаатчылык жана туруктуу методикалык колдоо көрсөтүлөт. Мындан тышкары, жеке билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга жана эл аралык Teach For All тармагына кошулууга мүмкүнчүлүк берилет.
Өтүнмөлөрдү www.teachforkyrgyzstan.org дарегине 25-майга чейин жөнөтүүгө болот.