28-январга карата аба ырайы

28-январдагы жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн айрым аймактарында кар жаап, туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас жеринде 1…6, Ысык-Көл чөлкөмүндө 0…5, Чүйдө 3…8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 2…7 градус жылуу, Нарын өрөөнүндө -3…-8 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 6…8, Ош шаарында 5…7 градусту түзөт.
АКШ: кыш апаатка айланууда, каттамдар токтоп, эл электр кубатысыз калды. Видео