Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Финансы министрлигинин 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышты. Минкаб башчысы Финансы министрлиги 2025-жылды арбын жетишкендиктер менен жыйынтыктап жатканына токтолуп, акыркы жылдары мамлекетте олуттуу экономикалык өсүштөр жана финансылык туруктуулук камсыздалып жатканын белгиледи. “2020-жылдан бери салыштырсак, Кыргызстандын бюджети 5 эсеге жакын өстү. Консолидацияланган бюджет: 2020-жылы ~247,8 млрд сом болсо, 2025-жылы ~1 трлн 101 млрд сомго жетти”-деген МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев өлкөнүн бюджетинин өсүшүнө бир катар факторлорду санап өттү. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев киреше көбөйгөн сайын чыгашалар да өскөнүн айтып, каражат болгону үчүн ири курулуштар жүрүп, жолдор салынып, ипотекалык үйлөр курулуп жатканын белгиледи.
Кыргызстанда мамлекеттик лабораторияларды куруу пландалууда. Анда анализдер жеке лабораторияларга караганда арзаныраак болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Айбек Маткеримов парламентте билдирди. Анын айтымында, бул лабораториялар ири шаарларда жана облустук борборлордо жайгаштырылат. “Бүгүнкү күндө жеке лабораторияларда клиникалык анализдер өтө кымбат баада жүргүзүлүп жатат. Ал эми мамлекеттик лабораторияларда камсыздандырылган адамдар негизги анализдерди акысыз тапшыра алышат. Башка түрдөгү анализдер болсо арзаныраак болот”, — деди Маткеримов. Анын айтымында, мамлекеттик ооруканаларда кымбат баалуу жабдыктар көп учурда бош турат. Алар жетиштүү деңгээлде колдонулбайт, ал эми оңдоп-жөндөө үчүн керектүү бөлүктөр да кымбатка турат. “Эми бүт система бир жерде борборлоштурулат”, — деп кошумчалады министрдин орун басары. Буга чейин саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Кыргызстанда бирдиктүү мамлекеттик лабораториялар системасы түзүлөрүн билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте заманбап мамлекеттик референстик лабораториянын долбоорун иштеп чыгууда. Анда жогорку технологиялык жабдуу, өнүккөн логистика жана санариптик инфраструктура каралган.
Декларациядагы жалган маалыматтар үчүн сот 2882 кызмат адамына айып салды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура органдары 2025-жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациясын тапшыруусун текшерүүгө алды. Анын жыйынтыгында декларацияны тапшырбаган, мөөнөтүн кечиктирген же ката маалымат берген жалпы 3 472 кызматкер аныкталды. Аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 438-беренесинин негизинде укук бузуу өндүрүштөрү козголуп, материалдар сот органдарына кароо үчүн жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы менен 2882 кызмат адамына жалпы 13 млн 674 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Учурда калган кызматкерлерге карата материалдар сот тарабынан кароо стадиясында турат.