Бөбөктөрдүн иммунитети: баланын сасык тумоого чалдыгышы кадимки көрүнүшпү?

Sputnik
Бөбөктөрдө иммунитет толук калыптана элек болот. Алгачкы айларда бала энеден өткөн убактылуу иммунитет менен жашайт. Айрыкча эненин сүтү аркылуу маанилүү коргоочу заттарды алат. Убакыт өткөн сайын бала айлана-чөйрө менен таанышып, байланышып, түрдүү микробдорго туш болуп отуруп, иммунитети бекемделет. Ошондуктан баланын кээде ооруп турушу көп учурда нормалдуу көрүнүш болуп эсептелет. Бирок 7-8 жолудан көп ооруса, дарыгерге кайрылуу зарыл. Иммунитетти чыңдоонун негизги жолу — дары-дармек эмес. Туура тамактануу, жетиштүү уйку, таза абада сейилдөө жана күн тартибин сактоо баланын ден соолугун бекемдейт. Ошондой эле гигиенаны сактоо жана ооруп калганда дарыгерге өз убагында кайрылуу абдан маанилүү. Бул туурасында “Көз мончок” программасынан тыңдаңыздар.