УКМКнын академиясына курсанттарды кабыл алуу башталдыУкраина сүйлөшүүлөр алдында Россияга чабуулду күчөтүшү мүмкүнКазак-кыргыз чек арасында жүк ташуучулар үчүн электрондук кезек ишке кирет
Кыргызстан менен Казакстан чек арасындагы эки өткөрмө бекетте электрондук кезек ишке кирет. Бул туурасында Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети кабарлаган. Заманбап бул система үч күндөн кийин, тагыраагы, 30-январдан тартып "Кеген", 16-февралдан тартып "Кордай" көзөмөл-өткөрмө жайларында иштей баштаарын айтышты. Жүк ташуучулар кезекти CarGoRuqsat мобилдик тиркемеси аркылуу брондоого тийиш. Ал үчүн өткөрмө пункту, келе турган күнү жана убакыты, айдоочу, транспорт каражаты тууралуу маалымат көрсөтүлүшү зарыл. Учурда Казакстандын бул системасы Кытай, Өзбекстан, Түркмөнстан, Россия жана Кыргызстан менен чектешкен жайларында иштеп жатат. Аталган кызмат ишке киргизилгенден бери ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн 34 өткөрмө пунктунда электрондук кезек менен 840 миңден ашуун жүк ташуучу автоунаа өткөн.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин А.Бакаев атындагы академиясы беш жылдык окуу мөөнөтүнө курсанттарды кабыл алууну жарыялайт. Атайын кызматтан билдиришкендей, документтер 2026-жылдын 2-февралынан 27-февралына чейин кабыл алынат. Талапкерлерге коюлган талаптар, документтердин тизмеси жана тандоо жол-жобосу тууралуу маалымат УКМКнын www.gknb.gov.kg расмий сайтында жайгаштырылган.
Агартуу министрлиги региондорго барып мугалим болууну каалагандарды атайын программага катышууга чакырат. "Teach for Kyrgyzstan – заманбап мугалим" программасына педагогикалык тажрыйбасы жок, бирок билим берүү тармагында иштөөгө кызыккан ар кандай кесиптин өкүлдөрү катыша алат. "Алар эки жыл бою айыл жана чакан шаарлардагы мектептерде иштешет. Ошондой эле акысыз магистрдик программада билим алышат. Ийгиликтүү аяктагандар мамлекеттик үлгүдөгү диплом жана эл аралык магистр дипломун алышат" – деп айтылат маалыматта.
"Элит Строй Сити" компаниясынын жетекчилерине үлүшчүлөргө батирлерди тапшырганга чейин Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Буга чейин үлүшчүлөр президентке жана УКМК башчысына видеокайрылуу жөнөтүшкөн. Алардын айтымында, компания батирлерди тапшыруу мөөнөтүн кечеңдетүүдө. "Кечээ Ошто курулуш фирмасынын жетекчилиги менен жолугушуу болуп, үлүшчүлөр алдындагы милдеттерди аткаруу зарылдыгы эскертилди", — деди атайын кызмат. Компаниянын өкүлү инфляция көйгөйдүн бири экенин айткан. Ал "Манас" турак жай комплексинде 700 батир курулганын, анын 340ы үлүшчүлөргө өткөрүп берилсе, калганы сентябрь айында тапшырыларын убадалаган.
Украинанын бийлиги Россия менен сүйлөшүүлөрдү татаалдаштыруу үчүн провокацияларды уюштурууга аракет кылышы мүмкүн. Бул тууралуу Норвегиянын Түштүк-Чыгыш университетинин профессору Гленн Дизен интернет айдыңында билдирди. "Мен украин тарап чабуулдарды күчөтөт деп ойлойм. Акыр-аягы бул аларга сүйлөшүүдө күчүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген жалгыз жол сыяктуу сезилет. Украина орус тарап кырдаалды көзөмөлдөп турганын жана Киевге олуттуу кысым көрсөтө аларын түшүнбөй жатат", — деди Дизен. 26-январда Владимир Зеленский Украина ушул аптада Россия жана АКШ менен өтүүчү жаңы сүйлөшүүлөргө даярданып жатканы тууралуу билдирди. Буга чейин АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф тараптар жакын арада Абу-Дабиде кайра жолугууну макулдашканын айткан. Axios порталынын маалыматы боюнча, сүйлөшүүлөр жекшемби күнү кайра башталышы мүмкүн..