Математика боюнча ийгилик формуласы: олимпиадага даярдоо тажрыйбасы

Sputnik
Кыргызстандык окуучулар акыркы жылдары математика боюнча эл аралык олимпиадаларда ийгиликтүү жыйынтыктарды көрсөтүп, өлкөбүздүн билим берүү потенциалын дүйнөгө таанытып келишет. Бул жетишкендиктердин артында окуучулардын тынымсыз аракети менен катар, аларды максаттуу даярдаган адистешкен борборлордун жана тажрыйбалуу машыктыруучулардын эмгеги чоң.
Олимпиадалык математика боюнча балдарды даярдоо иштери, окуу процесси, машыгуулардын өзгөчөлүктөрү жана жаш таланттарды колдоо тууралуу «Газпром» олимпиадага даярдоо борборунун математика боюнча тренери Бекжол Жолдубай уулу менен баарлаштык.