2025-2026-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу өткөн жылдын декабрында башталган. Кышкы кабыл алуу жалгыз гана келишимдик(контракттык) негизде орундарды толтуруу үчүн жүргүзүлөт. Абитуриенттер 2025-жылы өткөрүлгөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары менен катышат. ЖОЖдордун, багыттардын тизмеси жана шарттар атайын расмий сайттарда жарыяланган. Кышкы кабыл алуу ЖОЖдорго жаңы студенттерди окууга кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Мында жайкы кабыл алууга катыша албогон жаштар үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөрүн Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Төөлөсбай Абылкасымов айтты.