Кыргызстан менен Казакстан чек арасындагы эки өткөрмө бекетте электрондук кезек ишке кирет. Бул туурасында Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети кабарлаган. Заманбап бул система үч күндөн кийин, тагыраагы, 30-январдан тартып "Кеген", 16-февралдан тартып "Кордай" көзөмөл-өткөрмө жайларында иштей баштаарын айтышты. Жүк ташуучулар кезекти CarGoRuqsat мобилдик тиркемеси аркылуу брондоого тийиш. Ал үчүн өткөрмө пункту, келе турган күнү жана убакыты, айдоочу, транспорт каражаты тууралуу маалымат көрсөтүлүшү зарыл.Учурда Казакстандын бул системасы Кытай, Өзбекстан, Түркмөнстан, Россия жана Кыргызстан менен чектешкен жайларында иштеп жатат. Аталган кызмат ишке киргизилгенден бери ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн 34 өткөрмө пунктунда электрондук кезек менен 840 миңден ашуун жүк ташуучу автоунаа өткөн.
Кыргызстандын аймагында Нипах вирусун жуктуруу учурлары катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Эпидемиологиялык кырдаал санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат. Инфекциянын өлкөгө киришинин алдын алуу максатында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасында санитардык-карантиндик көзөмөл чаралары күчөтүлдү. Өлкөнүн медициналык уюмдары ооруну эрте аныктоо, бейтаптарды обочолонтуу жана эпидемияга каршы чараларды уюштуруу маселелери боюнча нускама алышты. Саламаттык сактоо министрлиги дүрбөлөңгө негиз жок экенин белгилейт. Өлкөнүн саламаттык сактоо системасы мүмкүн болгон эпидемиологиялык коркунучтарга ыкчам жооп берүүгө даяр. Министрлик Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана эл аралык өнөктөштөр менен эпидемиологиялык маалымат алмашуу жана алдын алуу чараларын координациялоо боюнча туруктуу байланышта.
Улуттук банк башкармалыгы 26-январда эсептик ченди 11 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, чечим бүгүн, 27-январдан тартып күчүнө кирет. Өлкө экономикасында жогору өсүш арымы сакталып турат: 2025-жыл жыйынтыгы боюнча өлкөдө реалдуу ИДӨ 11,1 пайызга өскөн. Экономикалык өсүш, негизинен, курулуш секторунун жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн таасири астында шартталган. Негизги капиталга инвестициялар көлөмүнүн артышынын алкагында өлкөдө инвестициялык жигердүүлүк жогору катталган, буга бюджеттик каржылоонун артышы көбүрөөк таасирин тийгизген. Керектөө суроо-талабы калктын айкын кирешесинин, акча которуулардын таза агымынын артышы жана керектөө кредиттерин жигердүү алуу менен камсыздалган.
Владимир Зеленский Украинада аскердик абал менен жалпы мобилизациянын мөөнөтүн дагы 90 күнгө узартуу тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Украина парламентинин сайтына таянып РИА Новости жазды. Жогорку Раданын депутаты Ярослав Железняк 14-январда украин парламенти өлкөдө аскердик абалды жана мобилизацияны дагы 90 күнгө, тагыраагы, 4-мартка чейин узартууну колдогонун билдирген. Раданын сайтында жарыяланган мыйзам долбоорлорунун картасында бул документтер Зеленскийдин кол тамгасы менен кайра кайтарылганы көрсөтүлгөн.Украинада 2022-жылдын 24-февралынан тартып аскердик абал режими киргизилген, ал эми кийинки күнү Владимир Зеленский жалпы мобилизация тууралуу жарлыкка кол койгон.