Президент Садыр Жапаров ишкерлерге, юридикалык жана жеке жактар үчүн бир катар жеңилдиктерди киргизүүгө багытталган мыйзамга кол койду. Анда зергерлер үчүн да бир топ жеңилдиктер каралды. Зергерчилик өндүрүшү үчүн арналган жабдуулар, технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар үчүн кошумча нарк салыгы алынды. Ишкерлердин абалы, экспорттук потенциал тууралуу Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов айтып берди.