Салык төлөөчүлөр алгачкы документтери жок баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарга карата жоопкерчиликтен жана салык агентинин милдеттенмелерин аткаруудан бошотулушу мүмкүн. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, ал үчүн 2026-жылдын 1-мартына чейин электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынан тиешелүү электрондук документти тариздөө зарыл. Маалыматтарды киргизүү үчүн esf.salyk.kg сайтындагы электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасына кирип, “Сатып алуу” бөлүмүн тандап, андан кийин ББЭД бөлүмчөсүнө өтүү керек. Экрандын жогорку оң бурчундагы “Кошуу” баскычын басуу зарыл. Ачылган терезеден “Баалуу металлдардан жасалган баалуу зер буюмдар жөнүндө маалыматтарды киргизүү” талаасына белги коюу талап кылынат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин жыйынында Кыргызстанда санариптик туризм платформасын иштеп чыгуу керектигин билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, учурда туристтик кызматтар чачыранды болууда. Жаңы платформа ишке киргизилсе, эс алуучуларга көрсөтүлө турган кызматтар бириктирилип, ыңгайлуу шарттар түзүлөт.“Турист ар бир кадамда бюрократияга жана тилдик тоскоолдуктарга туш болбошу керек. Бизге мамлекеттик кызматтарды, бизнес-сервистерди жана төлөм инструменттерин бир терезеде бириктирген платформа керек"- деди минкаб башчысы.Ал санариптик туристтик долбоорду иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.
Кыргызстанда айыл чарба тармагын колдоо максатында фермерлерге жылдык 3 пайыз менен насыялар берилүүдө. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жеңилдетилген насыялар дыйкан жана фермер чарбалары үчүн бул чоң колдоо. “ Жалпы республика боюнча 185 асыл тукум чарба бар. Биз жакында мониторинг жүргүзүп, алардын ичинен “Арашан”, “Ала-Тоо” жана “Меринос” сыяктуу асыл тукум малды багып-өстүргөн чарбаларды аныктап, тукумун көбөйтүү максатында атайын тизмеге киргиздик”, - деди министрдин орун басары. Ошондой эле Керималиев асыл тукум малды көбөйтүү долбоорунун алкагында 6 млрд сом бөлүнгөнүн маалымдады.