БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Украина боюнча тынчтык планынын ишке ашуусуна Европа мамлекеттеринин бир нечеси каршылык көрсөтөт. Бул тууралуу Сербиянын президенти Александр Вучич билдиргенин Blic басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды.
"Тынчтык планында Украинанын ЕБге 2027-жылдын 1-январынан тарта мүчө болуусу айтылган. Буга Польша, Чехия, Венгрия жана Словакия макул болбойт. Регламентке, айтор, бардык нерсеге каршы күчкө салган өзгөрүүлөр күтүлүүдө. 2026-жылы Евробиримдикте да, жалпы дүйнөдө да ар кандай маселелер боюнча ажырым күчөйт", — деген ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Financial Times Евробиримдик эгер Владимир Зеленский ЕБге мүчөлүгүн сүйлөшүүнүн жакшы натыйжасы катары көрсөтүп бере алса, аймактардан баш тартат деп эсептей турганын жазган. Гезиттин маалыматында Евробиримдик Украина үчүн уюмга кирүү тартибин өзгөртүүгө даяр экени айтылат.