Зеленский Куралдуу күчтөрүн Донбасстан чыгаруудан кайрадан баш тартты

Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрүн Донбасстын аймагынан чыгарып кетүү боюнча позициясы өзгөрүүсүз каларын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, буга чейин Зеленский 30-декабрда АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуудан кийин да армияны аталган аймактан чыгаруудан баш тарткан болчу.
"Украинанын аймактык бүтүндүгү боюнча биздин позициябызды кайталап отурбайм, аны баары эле билет. Позициябыз өзгөрүүсүз калууда", — деди Владимир Зеленский Вильнюсте Литванын президенти Гитанас Науседа жана Польшанын президенти Кароль Навроцкий менен өткөн маалымат жыйынында.
Ишемби күнү Абу-Дабиде Россия, АКШ жана Украинанын өкүлдөрү катышкан коопсуздук маселелери боюнча үч тараптуу жумушчу топтун сүйлөшүүлөрүнүн экинчи күнү жыйынтыкталды.
23-январда РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков украин Куралдуу күчтөрү Донбасстын аймагынан чыгып кетиши керектигин билдирип, бул Россия тараптын маанилүү шарты экенин айткан. Буга чейин президенттин жардамчысы Юрий Ушаков да украин аскерлеринин Донбасстан чыгарылышын бүтүндөй тынчтык планынын маанилүү компоненти деп атаган.
"Ашыкча жүк болуп калды, кутулууга аракет кылышат". Зеленский тууралуу айтышты