Министр Ысык-Көлдө салынып жаткан эки күн электр станциясынын курулушун көрдү

Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Тору-Айгыр аймагында курулуп жаткан күн электр станциясынын курулуш иштеринин 70-80 пайызы аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
1 / 3

Курулуштарды энергетика министри Таалайбек Ибраев барып көрдү

2 / 3

Тору-Айгырда курулуп жаткан 100 мегаваттык күн электр станциясын 31-августка чейин ишке кирет

3 / 3

Экинчи станциянын биринчи фазасы июлга чейин бүтөрү айтылды

Маалыматка ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көлдө курулуп жаткан күндөн энергия алуучу станцияларды кыдырган. Анда Тору-Айгырда курулуп жаткан станциянын техникалык директору Тимурлан Кадинов аткарылып жаткан иштер менен тааныштырып, 100 мегаваттык күн электр станциясын 31-августка чейин ишке киргизүү пландалып жатканын айткан.
Ал эми 175 мегаватт кубаттуулуктагы дагы бир күн электр станциясынын 10 пайыздык иштери аяктаган. Станциянын биринчи фазасы июлга чейин бүтөрү айтылды.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 8-октябрында Россия — Кыргызстан форумунун алкагында "Юнигрин энержи" мамлекеттик компаниясы менен "Бишкек солар" ЖЧКсы Ысык-Көлдө кубаттуулугу 300 МВтка чукул күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу ниетинде макулдашууга кол коюшкан.
Бишкек электр кубаты менен кантип камсыздалат. Башкы пландын долбоору