Ошто пара талап кылган деп милициянын эки капитаны кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ош облусунда акча талап кылуу фактысы боюнча Кара-Суу жана Араван РИИБинин тергөөчүлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, О.Г. кызмат абалынан пайдаланып, 2024-жылдын декабрында алдамчылык үчүн катталган кылмыш ишин тергөөгө чейинки өндүрүштө текшерүү иштерин токтотом деп К.у.О. аттуу жарандан үч миң доллар талап кылган.
1 / 3

Ошто пара талап кылган деп милициянын эки капитаны кармалды

2 / 3

Ошто пара талап кылган деп милициянын эки капитаны кармалды

3 / 3

Ошто пара талап кылган деп милициянын эки капитаны кармалды

Белгилей кетсек, О.Г. менен К.у.О. Ош облусунун Араван РИИБинин тергөөчүсү, милициянын капитаны С.Н. ортомчулук кылган.
Ички иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүлөр 1600 доллар алып жаткан жеринен кармалып, тергөө абагына киргизилди.
Милициянын атын жамынып акча алдаган шектүүлөр кармалды. Видео