Министрлик: Кыргызстанда Нипах вирусун жуктургандар жок

Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Нипах вирусуна байланыштуу мамлекеттик чек араларда санитардык-карантиндик көзөмөл чаралары күчөтүлгөнүн билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргызстанда аталган оору катталган учурлар жок.
Нипах — өлүмгө алып келе турган вирус. Ага каршы дары-дармек азырынча жок. Ал мээни, өпкөнү, жүрөктү, бөйрөктү жана көк боорду жабыркатышы мүмкүн.
Алгачкы белгилери: эт ысыйт, баш жана булчуңдар, тамак ооруйт, кустурат. Кийинки этапта баш айлануу, уйкуга тартуу, курч энцефалитти көрсөтүүчү неврологиялык белгилер байкалат. Айрым учурларда өпкө башкача кагынып, дем алуу кыйындайт.
Вирустун негизги алып жүрүүчүсү – бул жарганат. Адамдар төмөнкү учурларда жугузуп алышы мүмкүн:
вирус жуккан жаныбарлар менен түз байланышта болгондо
жаныбарлардын биологиялык бөлүндүлөрү менен булганган азыктарды колдонгондо
вирус жуккан адам менен тыгыз байланышта болгондо.
Кечээ Индияда бул вирусту жуктурган биринчи бейтап каза тапканы белгилүү болду. Ошондой эле оорулуу менен байланышта болгон медайымдардын бири комада жатканы кабарланды. 100 адам үй карантинине алынган.
Индия: эпидемия коркунучу бар Нипах вирусу кооптондурууда